GYOZA креветкалар менен жана кунжут пастасынын негизинде жасалган жапон соусу

15 мин

GYOZA креветкалар  менен   – өзгөчө азык. Вакуумдун жардамы менен жука камыр пайда болот, андан аба көбүктөрү алынып, ал абдан жука, эң негизгиси катуу болот. Камыр кайнап бүткөндөн кийин  жумшак жана жука бойдон кала берет, анткени ал кадимки пельмендер сыяктуу сууну өзүнө сиңирбейт.

Курамы

  • GYOZA VIČI креветкалар менен - 400 г
  • Өсүмдүк майы - 60 г
  • Көк пияз - боо
  • Ачык соя соусу - 5 аш кашык
  • Кара күрүч уксусу - 2 аш кашык
  • Ачуу кунжут пастасы - 2 чай кашык

Даярдоо

1
Соусту даярдоо үчүн соя соусун, күрүч уксусун жана ачуу кунжут пастасын жакшылап аралаштырыңыз. Алынган аралашманы муздаткычка болжол менен 1,5 - 2 саатка коюңуз.
2
Дасторконго берүүдөн мурунда соус тыныгышы керек. GYOZA кисемдер өсүмдүк майына кызарганча кууруйбуз.
3
Дасторконго көк пияз менен сунуңуз. Соусту өзүнчө соус үчүн идиште бериңиз.