Краб таякчалары, имбирь жана авокадо менен салат

15 мин
Белоктун курамы жогору
Майдын курамы төмөн

Бул салат негизги тамак катары да, сүйүктүү кечки тамагыңыз үчүн гарнир катары да эң сонун! Даамын татабызбы?

Курамы

  • 250 г  VIČI «Cнежный краб»  краб таякчалары
  • 2 майда тууралган помидор
  • 2 аш кашык майдаланган кориандр
  • 1 аш кашык сүргүчтөн өткөрүлгөн имбир
  • 1 кичинекей кызыл калемпир
  •  лайм ширеси
  • 1 аш кашык зайтун майы
  • 3 кубик түрүндө кесилген авокадо
  • 4 аш кашык сарымсак менен майонез
  • Жука кесилген 1 бадыраң
  • Туз жана калемпир (татымына жараша)
  • Бир чымчым беде

Даярдоо

1
Орточо идишке кесилген краб таякчаларын, помидорду, имбирди, кызыл калемпирди, лайм ширесин жана зайтун майын аралаштырыңыз.
2
Туз, мурч себелеп, бир азга тыныктырыңыз. Башка идишке авокадого туз, мурч себелеп, сарымсак майонези менен аралаштырыңыз.
3
Кондитердик шакекчени табакка коюп, авокадо салатын толтуруңуз (шакектин бийиктигинин жарымына чейин).
4
Бетин тегиздөө үчүн кашык менен акырын басыңыз.
5
Үстүнө краб салатын салып, кашык менен бир аз басыңыз.
6
Кондитердик шакекчени этияттык менен алыңыз. Жука кесилген бадыраң кесимдери менен салат кошуп, беде менен кооздоңуз.
7
Тамактан ырахат алыңыз!