Катмарлуу кызылча, сельдь жана авокадо менен салаты
20 мин
Дасторкондун чыныгы жасалгасы, ошондой эле өзгөчө даамдуу, жаңы жана аш болумдуу салат. Майонез, ошондой эле грек йогурту же сизге жаккан аралашма менен араоаштырсаңыз болот.
Курамы
- Фельдь филеси VIČI
- Бир кызылча (кайнатылган)
- Авокадо
- 1 алма (кычкылыраак)
- 2 аш кашык майонез (же грек йогурту)
- 1 аш кашык бальзам уксусу
- 1 чай кашык лимон ширеси
- Бир чымчым туз жана калемпир
Даярдоо
1
Кызылчаны кубиктерге бөлүп, идишке салып, бир аз бальзам уксусун кошуп, чымчым калемпир жана туз кошуп аралаштырыңыз.
2
Алманы кубиктерге бөлүп, ага лимон ширесин кошуңуз (алманын карарып кетүүсүн алдын алат).
3
Авокадо менен сельдди кубиктерге бөлүңүз.
4
Стаканга катар тизиңиз - кызылча, алма, авокадо, сельдь, андан кийин майонез же грек айранын салыңыз.